Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу убактылуу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Фрунзе көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 20-августта саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча ысык суу берүү убактылуу токтотулат:
- Шопоков көчөсү, 119;
- Ибраимов көчөсү, 108а, 108б, 181, 146, 146а;
- Чүй проспектиси, 151;
- Огонбаев көчөсү, 222;
- Абдрахманов көчөсү, 199;
- Үсөнбаев көчөсү, 140;
- Кузнечная Крепость көчөсү, 487;
- №2 мончо.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.