Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу токтойт

Коом 27 Март 2025 09:12
04-voda.max-1920x1080.format-webp.webp
1742987559.jpeg
Алдыга
Артка
04-voda.max-1920x1080.format-webp.webp
1742987559.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 27-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү даректердеги  турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы Панфилов көчөсү, Манас проспекти,  Фрунзе көчөсү — темир жол  менен чектешет.

Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.