Бүгүн Бишкектеги 12-кичи райондо суу болбойт

Коом 23 июль 2026 09:30
Бүгүн Бишкектеги 12-кичи райондо суу болбойт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-июлда Бишкектеги 12-кичи райондо суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган райондо 09:00дөн 20:00гө чейин суу өчөт. Суу берүү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулмакчы.