Бүгүн Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт — Кабар

Бүгүн Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт

Саясат 19 май 2025 09:30
Бүгүн Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин  көчмө жыйыны өтөт.

Жыйынга Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы, ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышат.