Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Катар курама командаларынын футболдук беттеши өтөт

Спорт Загрузка... 25 Март 2025 12:09
481279573_1092415042928885_2806553854390723343_n.jpg
copyright icon КФС

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 25-мартта Катардын улуттук курамасы менен беттешет.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өтүп, оюн саат 19:45те башталат.

Катар курамасы 7 турдан кийин 10 упайга ээ болуп, А тобундагы турнирдик таблицада 4-орунду ээлесе, Кыргызстан курамасы 3 упай менен 5-орунда.

Дүйнө чемпионаты-2026га жолдомо алууга күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн Кыргызстандын курама командасына бул оюнда жеңиш гана керек.

Доха шаарында өткөн биринчи айлампада Катар курамасы 3:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Эскерте кетсек, кечээ 24-март күнү “Манас” эл аралык аэропортунда футбол боюнча Катардын улуттук курама командасы келип, аларды Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү тосуп алышкан.