Бүгүн Бишкекте "Китепкана түнү – 2026" иш-чарасы өтөт

Маданият Загрузка... 28 Май 2026 09:00
707013282_1285570060401414_2276503777877417537_n.jpg
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана "Эгемендик — ыйык мурас, Уңгужол — келечекке багыт" аттуу "Китепкана түнү – 2026" коомдук-маданий иш-чарасын өткөрөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата уюштурулууда.

Анын алкагында окурмандар жана коноктор үчүн белгилүү инсандар, юристтер жана психологдор менен жолугушуулар, мастер-класстар, жасалга-колдонмо өнөр көргөзмөлөрү, адабий сынактар, суроо-жооп программалары, шахмат оюндары, видеокөрсөтүүлөр, концерттик номерлер, кино көрсөтүүлөр, театрлаштырылган оюн-зооктор жана башка кызыктуу маданий иш-чаралар өтөт.

Уюштуруучулар шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун маданий кечеге катышып, жагымдуу маанай алууга чакырат.

Иш-чара саат 18:00дө башталып 24:00гө чейин уланат.