Бүгүн Бишкекте дарыгерлер кан басымды текшерип, акысыз кеңеш берет

Ден соолук 7 апрель 2026 14:04
Бүгүн Бишкекте дарыгерлер кан басымды текшерип, акысыз кеңеш берет

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги VEFA Center соода борборунда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акция өтөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Ага ылайык, соода борбордо бардык каалоочулар саат 15:00дөн 17:00гө чейин кан басымын, кандагы кантты өлчөтүп, экспресс-тесттен өтүп, ошондой эле дарыгерлерден акысыз кеңеш алса болот.

Акциянын алкагында, флешмоб, бий, интерактивдик оюндар уюштурулат.