Бүгүн Бишкекте "Музейлер түнү" өтөт: Иш-чаралардын толук программасы жана даректери

Маданият Загрузка... 18 Май 2026 16:40
1779098814_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Бүгүн Эл аралык музейлер күнүнө карата Бишкек шаарында "Музейлер түнү" акциясы өтөт.

Борбор калаанын муниципалитетинен билдиришкендей, шаардагы музейлерде саат 18:00дөн 00:00гө чейин ар кандай маданий иш-чаралар: мастер-класстар, адабий кечелер, экскурсиялар, көргөзмөлөр жана чыгармачылык жолугушуулар уюштурулат.

Маданий иш-чаралардын толук программасы:

Исхак Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көчөсү, 90):

  • "Кыргыз Руху" фольклордук ансамблинин жана "Акак" комузчулар ансамблинин артисттеринин аткаруусундагы концерттик программа;
  • көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго арналган даректүү фильмдин көрсөтүлүшү;
  • И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери тарабынан даярдалган атайын презентация.

О. М. Мануйлованын мемориалдык үй-музейи (К. Тыныстанов көчөсү, 108):

  • Т. Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясынын 4–5-курсунун студенттери менен биргеликте чоподон буюм жасоо боюнча мастер-класстар;
  • О. М. Мануйлованын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган видеофильмдин көрсөтүлүшү;
  • керамикалык сувенирлерди боёо иш-чарасы;
  • Абай Насиридин жана Чынтемир Жыргалбек уулунан карандаш менен сүрөт тартуу техникасы боюнча мастер-класс;
  • Өмүрбек Каратаев менен Амантур Иманалиевден чопо менен иштөө техникасы боюнча мастер-класстар.

С. А. Чуйковдун мемориалдык үй-музейи (Чуйков көчөсү, 87а):

  • музей боюнча атайын экскурсия: СССРдин эл сүрөтчүсү Семен Афанасьевичтин, РСФСРдин эмгек сиңирген сүрөтчүсү Евгения Алексеевна Малеинанын жана венгер скульптору Ласло Месароштун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу баян, ошондой эле "С.А. Чуйков" даректүү тасмасынын көрсөтүлүшү;
  • "Смартфон, крафт, уголь" көргөзмөсүнүн автору В.Ф. Руппель менен чыгармачылык маектешүү;
  • кебезден козучак оюнчугун жасоо боюнча улуттук мастер-класс;
  • керамикалык буюмдарды боёо боюнча таанышуу сабагы.

Суймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170):

  • сүрөт тартуу өнөрү боюнча ачык мастер-класс;
  • СССРдин эл артисти, белгилүү сүрөтчү жана актёр С. Чокморовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу музей ичиндеги экскурсия жана даректүү фильмдин көрсөтүлүшү.

Токтогул Сатылганов атындагы Адабият музейи (Токтогул көчөсү, 109):

  • Токтогул Сатылгановдун унутта калган күүлөрүн аткаруу, өлкөгө белгилүү жазуучу жана акындардын чыгармаларын, ырларын көркөм окуу кечеси.

Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көргөзмө зал-галереясы (Ч. Түлөбердиев атындагы сейил багында):

  • Бишкек шаарындагы №27, №75 орто мектептеринин окуучулары жана шаар тургундары үчүн тарыхый таанышуу экскурсиясы.

Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи (Чуйков көчөсү, 109):

  • эл акыны А. Токомбаевдин өмүрү жана бай адабий мурастарына арналган тереңдетилген экскурсия;
  • адабий окуулар жана атайын даярдалган музыкалык программа;
  • коноктор үчүн интерактивдүү аянтча жана кызыктуу суроо-жооп викторинасы.

Гапар Айтиевдин музей-өнөрканасы (К. Тыныстанов көчөсү, 78):

  • кыргыз сүрөт өнүрүнүн атасы Г. Айтиевдин өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган таанышуу экскурсиясы.