Уул-кызын “Акылман” лицейине окутам дегендерге кулак кагыш! Кабыл алуу башталды. Жол-жобосу

Билим Загрузка... 18 Апрель 2025 15:48
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Бүгүн “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун 1-туру башталды. Бул тууралуу аталган лицейдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азирет Асанов билдирди.

Анын айтымында, окуучуларды лицейге кабыл алуу үч турдан турат. 1-2-тур – бул test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн тестирлөө, ал эми 3-тур – ар бир облуста жеринен өткөрүлө турчу оффлайн тестирлөө.

“1-тур 18-19-апрель күндөрү онлайн форматта, 2-тур 23-24-апрель күндөрү онлайн форматта, ал эми 3-тур 1-майдан 8-майга ар бир облуста өткөрүлөт. Жыйынтыгында 3 этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынат”,-деди ал.

Асанов белгилегендей, конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга ылайык келүүсү зарыл:

  • Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класста окуусу;
  • Кыргызстандын жараны болуусу;
  • “Жакшы”, “эң жакшы” деген баага окуусу.

“Талапкер бардык 3 талапка туура келген гана учурда конкурстук тандоого катышып, өз күчүн сынай алат.

Конкурстук тандоо кийинки предметтерден турат:

  • 1-2-тур – математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых.
  • 3-тур –математика, логика, кыргыз тили жана англис тили.

Лицейге кабыл алуу конкурстук тандоонун гана негизинде жүрөт жана окуучунун үй-бүлөлүк социалдык абалы каралбайт. Демек, социалдык статусуна карабастан, конкурстук тандоого катышуу үчүн бардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк берилет.

“Акылман” президенттик лицейине өткөн окуучулар 100% мамлекет тарабынан камсыздалат, андыктан окутуу акысыз. Ал эми лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан улам, орус тилдүү класстар жок”,-деди ал.