Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада ийгилик жаратты

Билим
870734459_1432242642205147_6472537354025872853_n.jpg
858643760_918624141187164_2206939667134727355_n.jpg
862124914_2005036033499775_1614558800377927692_n.jpg
867193475_1178817521473942_3392996739225013811_n.jpg
868136251_1135418572296560_5700790404105879953_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Нуралим Ильясов Россиянын Красноярск шаарында өткөн финансылык коопсуздук боюнча VI эл аралык олимпиадада байгелүү орунга ээ болду.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, олимпиада 27-сентябрдан 2-октябрга чейин өтүп, ага 45 өлкөдөн 700дөн ашык окуучу жана студент катышты.

Катышуучулар финансылык коопсуздук, экономика, укук жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча билимдерин сынашты.

Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынын өкүлү, Келечектеги лидерлер академиясынын окуучусу Нуралим Ильясов "Финансылык коопсуздук" номинациясы боюнча байге ээлеринин катарына кирди.