Президенттин демилгеси: 500 мектепке шахмат жабдуулары жеткирилүүдө

Билим
866103709_1121876760362917_2602834520500502648_n.jpg
867106255_1585976843576054_849163893959384961_n.jpg
867530173_1585976800242725_2939822274231843_n.jpg
869531411_1585976766909395_2113267521482583022_n.jpg
869689120_1585976773576061_7514619712701185751_n.jpg
870272940_1585976806909391_1676571064907433651_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Өлкөнүн мектептерине шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар жеткирилүүдө.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 2026-2027-окуу жылында республиканын 500 жалпы билим берүү уюмундагы 3-5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулууда.

"Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча мектептерге 7 500 комплект шахмат, 2500 таймер жана 500 демонстрациялык шахмат тактасы жеткирилди. Пилоттук долбоордун ишке ашырылышына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары бааланат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган демилге президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылууда.