ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

Билим
RAgySZZlLUuG23.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
ONuBc1PaXLqKH8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
uNMcZdZ4f5vO88.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
apBrdq2lVcQ0wC.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
hsv5JXRqUcZQ9h.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1E1C1MSIR38ujs.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon ОшМУ

Бишкек, 29.10.26 /Кабар/. Ош мамлекеттик университети Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык билим берүү форумунун алкагында беш жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду.

Университеттин маалыматына караганда, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия, Канада жана башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар жана эл аралык эксперттер катышты.

Форумдун алкагында ОшМУнун өкүлдөрү чет элдик жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугуп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында төмөнкү окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу келишимдери түзүлдү:

  • Жизак политехникалык институту;
  • Фергана мамлекеттик техникалык университети;
  • Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети;
  • Ургенч мамлекеттик университети;
  • Бухара мамлекеттик медициналык институту.

Документтер билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.