Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 14-августта аба ырайы ысык болот. Айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Талас облусунда +30...+35, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда +24...+29, Баткен облусунда +33...+38, Ош жана Жалал-Абад облустарында +34...+39 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Бишкекте абанын температурасы +33...+35, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +23...+25 градус болот.