Баткенде кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 90 чакырымына зым тартылды

Аймак Загрузка... 12 Сентябрь 2025 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргыз-тажик чек арасындагы делимитациялоо иштери аяктагандан кийин эки өлкө өз чек араларына зым тосмолорун орнотуп баштаган. “Кабар” агенттиги Баткен облусундагы зым тосуу иштеринин жүрүшү кандай жүрүп жатканына кызыкты.

УКМКнын Чек ара кызматынын Инженердик башкарлыгынын башчысынын орун басары Сапар Токтосунов билдиргендей, чек араны тосуу иштери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда чек араны демаркациялоо иштери кызуу жүрүүдө.

WhatsApp Image 2025-09-11 at 19.05.20 (1).jpeg

Лейлек районундагы чек ара сызыгына 21 миң 537 метр, Баткен районунда 68 миң 61 метр тикенек зым тартылды. Жалпысынан Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен 89 миң 598 метр, дээрлик 90 чакырымдай жерге зым тосмолору орнотулду.

WhatsApp Image 2025-09-11 at 19.03.41.jpeg

“Өзүбүздүн күчүбүз менен чек араны кайтаруу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, ӨКМдин техникаларын колдонуу менен жолдорду салып, түркүктөрдү орнотуп, зым тартуу иштерин бүтүрдүк. Азыр бир гана Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн участогунда зым тартуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал жерге 3D тосмолору орнотулууда, узундугу 9 чакырым 700 метрге созулат. Бул чек ара сызыгын эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы тактап, көрсөтүп берген. Иштерди 2-3 күндүн ичинде бүтүп калабыз”, - деди ал.

WhatsApp Image 2025-09-11 at 19.05.20.jpeg

Сапар Токтосуновдун айтымында, Баткен облусундагы зым тартуу иштери жыйынтыкталган соң, Ош облусу менен чектешкен мамлекеттик чек араны тосуу иштери башталат.

“Өкмөттөр аралык комиссия белгилеп берген жерлерди дароо тарта баштайбыз. Менимче, суук түшкөнгө чейин иштер улантыла берет. Жалпысынан 420 чакырымга зым тосмолору орнотулат. Ал эми жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактарга зым тартылбайт. Адамдар, мал-жандыктар өтө турган жерлердин баары тосулат”, - деп белгиледи Токтосунов.

WhatsApp Image 2025-09-11 at 19.03.42.jpeg

Чек араны тосууда атамекендик өндүрүштөн чыккан курулуш материалдары колдонулууда. Алар чек ара заставаларында ширетилип, сырдалып, чек ара сызыгына жеткирилүүдө. Зым тартууга Чек ара кызматынан тышкары Коргоо министрлигинин, ӨКМ, ИИМдин кызматкерлери жардам көрсөтүүдө.

“Чек ара тосулуп жатканына эл ыраазы. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери сыяктуу эле жергиликтүү тургундар да чек араны тосууга көмөктөшүүгө даярбыз деп айтышты. Бирок азыркы убакта бизге өздүк курамдардагы кызматкерлер жетиштүү болгондуктан, аларды ишке тарткан жокпуз”, - дейт Чек ара кызматынын Инженердик башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде жергиликтүү бийлик органдары демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүүдө.

WhatsApp Image 2025-09-11 at 19.03.42 (1).jpeg

Лейлек районунун акими Жеңишбек Асылбек уулу башында турган жумушчу топ калктуу конуштарга зым тартуу иштери боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Атап айтсак, чек ара сызыгы турак жай, короо жай, коммерциялык багыттагы объекттерден, бак-дарактардан тазаланууда.

WhatsApp Image 2025-09-11 at 19.03.42 (2).jpeg

Ушу тапта Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кең-Талаа айыл аймагында 105 объект аныкталып, тазалоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, зым тартууга даярдалды. Көз карандысыз баалоонун жыйынтыгына жараша жергиликтүү тургундарга кенемте берүү маселеси каралары айтылды.

WhatsApp Image 2025-09-11 at 19.03.41 (1).jpeg

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, мындай иштерди жарандар түшүнүү менен кабыл алууда.

Белгилей кетсек, чек араны зым менен тосуу иштери апрель айында башталган. Жалпы жонунан 420 чакырым аралыкка зым тартуу пландалган. Кыргызстандай эле Тажикстан да өз чек ара сызыгын зым менен тосуу иштерин колго алган.