Бетинде кылычтан калган тагы бар, сүрдүү... Нүзүп Аталык кандай адам болгон

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 16:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. "Нүзүп миңбашы" коомдук фондунун төрагасынын орун басары - Нүзүп Аталыктын урпагы Бакай Акулов Нүзүп Аталыктын эстелигин жасоодо анын элеси Кокон музейинен алынган архивдик сүрөттөмөлөрдүн негизинде жасалганын, анын катаал мүнөзү, кой көздөрү, кылычтан калган тырыгы эске алынганын айтты.

Анын айтымында, эстелик "Нүзүп миңбашы" коомдук фондунун колдоосу жана жетекчилиги менен тургузулду. "Нүзүп атабыздын айкели Кокон музейинде сакталып калган сүрөттөлүш боюнча жасалды. Биз алгач ошол сүрөттөлүш боюнча атайын Нүзүп атабыздын сүрөтүн тарттырып, ошонун негизинде айкел жасаттык.

1.jpg

Анда Нүзүп Аталык иреңи сур, кой көз, мурду кырдач, жүзү сүрдүү, ачуулуу, чокчо сакалчан, оң бетинде кылычтан калган тагы бар деп сүрөттөлгөн. Биз эстеликти ошонун негизинде даярдоого аракет кылдык", - деди ал.

Бакай Акуловдун айтымында, эстелик өзү Ош шаарында Сейитбек Калбаев аттуу таланттуу скульптор тарабынан жасалды.

"Биз айкелди чоң аракеттердин аркасында жасатып, шаарга белек кылып жатабыз. Анын салмагы 5 тоннанын тегерегинде, бийиктиги 5,8 метр, ал эми узундугу 4,8 метрди түзөт. Ал эки бөлүктөн турат, негизги бөлүгү политриттен жасалган", - деди Акулов.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин четиндеги Орок айылында XIX кылымдагы белгилүү мамлекеттик ишмер Нүзүп Аталыктын эстелиги ачылып, анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Нүзүп Аталыктын урпактары жана башкалар катышкан.

Маалымат үчүн: Нүзүп Аталык (1794-1844) - Аксы жергесинде туулган белгилүү мамлекеттик ишмер жана XIX кылымдын аскер башчысы. Ал кыргыздардын ичинен биринчи болуп "миң башы" аскердик наамын алган. Ар башка булактардагы маалыматтар боюнча Нүзүп Эсенбай уулу 1794 - жылы (башка версиялар боюнча 1796-1798-жж.) Аксы районунун Афлатун айылында туулган. Атасы Эсенбай Кокон хандыгынын саясий турмушунда салмактуу орду бар, кадыр-барктуу жана таасирдүү адам болгон.