Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 64 миң 538 жеңил унаа импорттолду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, алардын жалпы баасы 527 млн 379 миң долларды түздү.
Импорттолгон жеңил унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай жана Түштүк Кореядан келген. Тактап айтканда, Кытайдан 30 миң 633, Түштүк Кореядан 22 миң 294 унаа алып келинген.
Ошондой эле беш ай ичинде өлкөгө 10 миң 999 жүк ташуучу унаа импорттолгон. Алардын арасында Түштүк Кореядан – 5 миң 391, Кытайдан – 3 миң 490 унаа келген.
"2025-жылы Кыргызстанга жалпы 139 миң 67 жеңил унаа импорттолуп, жалпы баасы 1 млрд 78 млн 649 миң долларды түзгөн. Ошол эле жылы 25 миң 368 жүк ташуучу унаа киргизилген. 2026-жылдын беш айындагы көрсөткүчтөрдү 2025-жылдын жалпы көлөмү менен салыштырганда жеңил унаа импорту жылдык көлөмдүн 46,4 пайызын, ал эми жүк ташуучу унаалар 43,4 пайызын түздү. Өткөн жылы дагы жеңил унаа жеткирүүдө Кытай (49 миң 497 даана) жана Түштүк Корея (58 миң 920 даана) негизги орундарды ээлеген", - деп айтылат маалыматта.