Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6,3 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир пайызга көп.
Муну менен катар, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 2,4 млрд долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга өскөн.
Анын ичинен:
- импорттук келип түшүүлөр – 8,3 пайызга көбөйгөн;
- экспорттук жөнөтүүлөр – 3,2 пайызга кыскарган.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соодасындагы эң чоң үлүшү Россияга (67,8 пайыз) жана Казакстанга (29,8 пайыз) туура келет.