Берлинде ТҮРКСОЙдун "Жибек жолунун үндөрү жана түстөрү" аттуу гала-концерти өттү

Маданият 04 Ноябрь 2025 13:31
574579266_1143841001186224_4963922954925014870_n.jpg
574990418_1143841087852882_8337176083395953193_n.jpg
577048971_1143841117852879_403189796287165160_n.jpg
574286460_1143841051186219_4431523569869709607_n.jpg
574564056_1143841067852884_4984174183321984547_n.jpg
574565606_1143840984519559_3954113578798943411_n.jpg
574572010_1143840967852894_1876578459740278511_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргызстандын Германиядагы элчилиги

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. 30-октябрда Берлин филармониясында "Жибек жолунун үндөрү жана түстөрү" аттуу гала-концерт өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Музыкалык иш-чара эл аралык Into the Open маданий фестивалы тарабынан ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмунун, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чарага Германиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ишкер жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, бир катар элчилер жана дипломатиялык корпустун мүчөлөрү катышты.

Кыргызстан концерттик программада кеңири чагылдырылды. Атап айтканда, Берлин филармониясынын сахнасында КР эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева, элдик жана заманбап кыргыз чыгармаларын аткарды. Ошондой эле "Манас" эпосун эң узак айтып берүү боюнча Гиннестин рекорддор китебине кирип, дүйнөгө белгилүү болгон манасчы Рысбай Исаков өз өнөрүн тартуулады.

Бардык түрк өлкөлөрүнүн артисттеринин чыгышы көрүүчүлөрдүн чоң суктануу жана жылуу кабыл алуусуна ээ болуп, түрк элдеринин бай маданий мурасынын айкын символуна айланды.

Бул иш-чара ТМУга мүчө мамлекеттер менен Германиянын ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүнүн маанилүү аянтчасы болуп, түрк элдеринин бирдиктүү маданий мейкиндигин чыңдоодогу ТҮРКСОЙдун ролун дагы бир жолу көрсөттү.