Берлин убактысы боюнча 12:00гө карата добуш бергендердин саны

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 19:20
WhatsApp Image 2025-11-30 at 16.57.33 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Берлин убактысы боюнча 12:00гө карата Германиянын Берлин шаарында - 34, Франкфурт-на-Майн шаарында - 40 жаран добуш берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев фейсбук баракчасына жазды.

Маалымдалгандай, Германияда эки шайлоо участогу болгондуктан, шайлоого жүздөгөн чакырым жолду басып келүүгө туура келет.

“Германия чоң өлкө. Эки шайлоо участогунун болушу абдан аз. Убакыт, акча кетирип жүздөгөн чакырым жолду басып келүү керек. Ошондуктан шайлоого мотивациясы абдан күчтүү, саясатка кызыккан, чет жерде жүрсө да Кыргызстандын башкаруусуна катышам деген адамдар келишет”,- деди Текебаев.

Ал ошондой эле Польшанын Варшава шаарындагы бир шайлоо тилкесинде – 30 адам добуш бергендигин кошумчалады.

Буга чейин элчи Өмүрбек Текебаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, консулдук каттоодо турган 12 миң адам бар.

“Эсепке турбаган дагы болжол менен он миңден ашык адам бар. Ошондо 20-25 миңдей жараныбыз Германияда туруктуу жашап, окуп, иштеп жүрөт. Биздин элчилик ушул үч шайлоо тилкесиндеги шайлоо процессине даярдыктарды көрдү. Азыр добуш берүү жүрүп жатат”, - деди ал.