Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. 21-майда Берлиндин борборундагы Гумбольдт Форумдун имаратында кыргыздын улуттук экспонаттарын Этнологиялык музейге тапшыруу аземи болуп өттү.
Элчиликтен билдиришкендей, иш-чарага Этнологиялык музейдин директору Тина Брюдерлин жана Борбор Азия боюнча куратор Мелани Кребс катышты.
Иш-чаранын алкагында музейге төмөнкү буюмдар берилди:
- кыргыздын салттуу кийимдеринин элементтери;
- кийизден, жыгачтан жана булгаарыдан жасалган тиричилик буюмдары;
- «Манас» эпосу тууралуу китептер.
Эске салсак, экспонаттарды берүү маселеси КР президенти Садыр Жапаровдун Германияга 2024-жылдын 26-27-ноябрында болгон расмий иш сапарынын алкагында талкууланган.
Этнологиялык музей Гумбольдт Форумунун бир бөлүгү болуп саналат, 2020-жылы Музей аралындагы Берлин сарайынын тарыхый имаратында ачылган маданий борбор. Анда Берлин этнологиялык музейинин жана Азия искусствосунун музейинин коллекциялары жайгашкан. Туруктуу көргөзмөнүн алкагында Борбордук Азияга арналган зал бар, анда буга чейин Кыргызстандын жеке экспонаттары – шырдак, ак калпак жана башкалар коюлган.
Коллекцияга жаңы буюмдарды жайгаштыруу кеңири аудиторияга – Берлин шаарынын тургундарына жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген туристтерге Кыргыз Республикасынын тарыхын, каада-салтын жана маданий мурастарын жакшыраак билүүгө мүмкүндүк берет.