Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Москва районуна караштуу Беловодское – Төлөк жолунда асфальт төшөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдайт.
Быйыл мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жалпы 10 чакырым аралыкты асфальттоо каралып, курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына жана белгиленген графикке ылайык жүрдү.
Белгилей кетсек, жумуштар №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.