Белгилүү актер Сүймөнкул Чокморовдун үйү эл аралык деңгээлдеги музейге айланат

Маданият 01 Июль 2026 09:55
733912079_2419496445240593_7342314011385926845_n.jpg
729973998_3465461990293455_7357101420081155214_n.jpg
731093956_1977898439593489_8905847649556129628_n.jpg
732933796_1756522779048926_2576471668878889338_n.jpg
733157256_1321366916866024_2381622312315639810_n.jpg
733656458_1371361604978668_8827792498176780166_n.jpg
734218644_2453513021796284_7747371297933968064_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Арслан Койчиевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов туулуп-өскөн үй, анын өнөрканасы жана короо-жайы эл аралык деңгээлдеги музейге айланат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, улуу инсандын тарыхый үйү узак жылдар бою каралбай, кароосуз абалда калган.

"Кыргыздын чыгаан уулу Сүймөнкул Чокморов туулуп-өскөн үй, өнөрканасы жана короосу канча жылдан бери каралбай, чөп-тикенек басып, кор болуп жаткан", - деп жазды мамлекеттик катчы.

Койчиев белгилегендей, буга байланыштуу президент Садыр Жапаров тез арада аталган аймакты иретке келтирүү, капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана бул жайды эл аралык деңгээлдеги музейге айлантуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.