Беларустун тышкы иштер министри Улуттук тарых музейине барды

Коом 22 июль 2026 16:10
1.jpg
752838644_2081194522572284_1215559250206938614_n.jpg
752952244_1056118440118176_590617713731666688_n.jpg
753663419_1016798151147695_8452837792809289023_n.jpg
753812443_1035201122218228_3967617035064207687_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
752838644_2081194522572284_1215559250206938614_n.jpg
752952244_1056118440118176_590617713731666688_n.jpg
753663419_1016798151147695_8452837792809289023_n.jpg
753812443_1035201122218228_3967617035064207687_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында делегация менен бирге Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, конокторду музейдин директору Назгүл Өмүрзакова тосуп алып, кыргыз элинин тарыхын, маданий мурасын жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолун чагылдырган туруктуу экспозициялар менен тааныштырды.

Экскурсиянын жүрүшүндө делегация археологиялык жана этнографиялык коллекцияларды, ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнө арналган көргөзмөлөрдү көрүп чыкты.

Музейге болгон сапар Беларусь тышкы иштер министринин расмий иш сапарынын маданий программасынын алкагында өтүп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөгө багытталганы белгиленди.