Беларусь менен Кытай: чындык — медиа кызматташтыгынын негизги тиреги

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 13:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кытайдын Куньмин шаарында «Бир алкак – бир жол» медиа-форуму – 2025 өз ишин улантууда. Бул глобалдык ЖМК диалогунда Беларустун «Звязда» басмаканасынын директору жана башкы редактору Ольга Ануфриева өкүлчүлүк кылууда.

Пленардык жыйында сүйлөгөн сөзүндө, ал форумдун уюштуруучуларынын жогорку кесипкөйлүгүн жана иш-чаранын мазмунунун тереңдигин белгиледи.

Анын айтымында, форум «байытат жана алдыга жылууга шыктандырат».

Докладчы айрыкча ЖМКлардын ишенимдүүлүгүнө жана чындыкка негизделген маалымат берүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Ал Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин: “ЖМКнын кан тамыры чындыкта” деген сөздөрүн, ошондой эле Беларустун президенти Александр Лукашенконун “Негиз чындык болушу керек. Чындык жана жалгыз чындык” деп баса белгилеген позициясын эске салды.

«Звязда» медиахолдингинин жетекчисинин айтымында, Беларусь менен Кытайдын медиа тармагын өнүктүрүүдөгү стратегиялык ыкмаларынын окшоштугу «Бир алкак – бир жол» демилгесинин духун чагылдырат. Бул демилгеге Беларусь эң алгачкылардан болуп кошулган.

"Гибриддик согуштар менен фейктердин доорунда биз үчүн конструктивдүү медиа мейкиндигин өнүктүрүү маанилүү. Биздин форум бул жолдогу маанилүү кадам", - деп баса белгиледи Беларусь медиахолдингинин жетекчиси Ольга Ануфриева.