Бел боо күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы дүйнө чемпионатында 10 медаль утту

Спорт Загрузка... 01 Июнь 2025 18:28
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатында 10 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 7 коло) утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Өзбекстандын Нукус шаарында өттү.

Алтын медаль ээлери:
45 кг Альберт Абдыкааров;
95 кг Элбек Зайнабидинов.

Күмүш медаль ээси;
+95 кг Апсамат Эрмаматов;

Коло медаль ээлери:
45 кг Элбек Исмаилов;
65 кг Атабек Нишанов;
71 кг Субан Апсаматов;
+95 кг Нуркен Абдыкапаров;
63 кг Нурайым Мавлянова;
70 кг Малика Апсаламова;
+70 кг Жасмин Медербекова.

Курама команда машыктыруучулар Нурбек Кожобеков жана Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.