Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйыны жана "Борбор Азия жана Россия" форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында болуп өттү.
ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы коопсуздуктун актуалдуу чакырыктары жана коркунучтары, ошондой эле аларды нейтралдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.
Бактыбек Бекболотов терроризм, экстремизм, транс чек аралык кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу салттуу чакырыктардан жана коркунучтардан тышкары, өлкөлөр терс таасири көбүнчө байкоосуз өткөн факторлорго туш болуп жатканын белгиледи. Анын ичинде маалыматтык жана идеологиялык чөйрөлөр бар.
Бул контекстте Коопсуздук кеңешинин катчысы деструктивдүү жана радикалдык идеологияларды, биринчи кезекте жаштар арасында жайылтуу үчүн заман талабындагы байланыш каналдарын колдонуу кошумча тынчсызданууну жаратып жатканын баса көрсөттү.
Ал ошондой эле Кыргызстан коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жамааттык аракеттерге мындан ары да өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.
"Борбор Азия жана Россия" форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жолугушуусунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздугун камсыз кылууда кызматташуунун актуалдуу абалы жана өнүгүү келечеги маселелери талкууланды.
Иш-чаранын катышуучулары учурдагы көптөгөн маселелерди чечүү мамлекеттер аралык мамилелердин бардык аспектилерине тийиштүү болуп, ошондой эле Евразия аймагынын жалпы өнүгүү келечегине таасир этерин белгилешти.
Жолугушуунун соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов өлкөлөрдүн көп тараптуу кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын жана келечеги кең экенин баса белгилеп, ошондой эле “Борбор Азия жана Россия” форматынын алкагында ишти улантууга даярдыктарын билдирди.