Бейшембиев Татарстан премьер-министринин орун басары менен шайлоону уюштуруу маселесин талкуулады

Саясат Загрузка... 28 Октябрь 2025 11:11
614511.1.1430300168.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Казандагы башкы консулу Эрик Бейшембиев Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда 30-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине өтө турган шайлоону уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Татарстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрүн шайлоо процессин уюштурууга тартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле шайлоо күнү коопсуздукту камсыз кылуу, Набережные Челны шаарында кошумча шайлоо участогунун ишин камсыз кылуу маселелери каралды.

Тараптар 2025-жылдын 28-октябрында кызыкдар мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өзүнчө жыйын өткөрүү, ошондой эле шайлоо тууралуу маалыматты кыргызстандык жарандарга жеткирүү жана алардын добуш берүү процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу иштерин Татарстан элдер ассамблеясы аркылуу жүргүзүү боюнча макулдашышты.