Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Министр эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн динамикалуу өсүп жатканын белгилеп, бул транспорттук байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн тастыктай турганын айтты.
Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун, ошондой эле "Бедел" өткөрмө пункту аркылуу өтүүчү "Барскоон – Үчтурфан – Аксу" багытындагы жаңы унаа жолунун курулушунун стратегиялык маанисин баса белгиледи.
Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык автомобиль ташуулары боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун кароо жана Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы Үзөңгү-Кууш (Чоң-Узун-Гуш) чек ара дарыясы аркылуу "Бедел" өткөрмө пунктунда унаа чек ара көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну даярдоо маселелерине бурулду.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга байланыштуу логистикалык маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле бардык актуалдуу маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.