BCG Кыргызстанда энергетика тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

Коом Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 16:35
746209474_1040307051674942_5324563685640627771_n.jpg
746021185_1649560659838877_4061625155906066833_n.jpg
744872855_1009402011982370_3411788283715473445_n.jpg
746026707_2814159932294304_7085772896509658719_n.jpg
Алдыга
Артка
746209474_1040307051674942_5324563685640627771_n.jpg
746021185_1649560659838877_4061625155906066833_n.jpg
744872855_1009402011982370_3411788283715473445_n.jpg
746026707_2814159932294304_7085772896509658719_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Boston Consulting Group (BCG) компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга BCG компаниясынын директору жана өнөктөшү Игорь Алексеев, ошондой эле компаниянын өкүлү Андрей Лукьянов катышты.

BCG өкүлдөрү энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууда жана аларды коштоодо топтогон эл аралык тажрыйбасы менен бөлүштү. Өзгөчө көңүл дүйнөлүк деңгээлдеги инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу жана энергетика тармагын башкаруунун заманбап ыкмаларына бурулду.

Тараптар Кыргызстандын энергетика тармагындагы капиталдык долбоорлорду коштоп жүрүү, тармакты модернизациялоо жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонуу боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Алтынбек Рысбеков энергетика өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

"Бүгүн Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны жаңылоо, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу, электр тармактарын өнүктүрүү жана энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатат. Биз үчүн стратегиялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүү жана колдонуу абдан маанилүү", – деди министр.

Соңунда тараптар энергетика тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууда өз ара диалогду улантууга жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кароого даяр экенин билдиришти.