Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы классикалык башкаруу моделинен ыңгайлуулукка, ачык-айкындуулукка жана коопсуздукка багытталган заманбап тейлөө системасына өтүп, активдүү реформа жүргүзүүнү колго алды. Бүгүнкү күндө бажы мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоочу курал гана эмес, ошондой эле бизнес үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп баратат.
Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашкандай, реформалар тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге бюджеттин кирешелеринин туруктуулугун жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Санариптик трансформацияга жол
Учурда бажы тармагы санариптештирүүнүн активдүү этабында. Бардык процесстер акырындык менен электрондук форматка өткөрүлүп, операциялар автоматташтырылып, адам фактору азайтылууда.
Өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга ылайык жаңыртылууда: сканерлөө системалары, видеобайкоо, радиациялык көзөмөл, салмакты өлчөө жана электрондук пломбалар орнотулууда.
Бизнес-процесстерди жөнөкөйлөштүрүүгө жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга өзгөчө көңүл бурулууда. "Бирдиктүү терезе" кызматы мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тездетип жана ачык-айкын кылат.
“Смарт Бажы”
Мамлекеттик бажы кызматынын негизги жетишкендиктеринин бири катары "Смарт Бажы" Улуттук санариптик платформасынын ишке ашырылышы заманбап бажы системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.
2025-жылдын 1-августуна карата платформанын үч негизги компоненти ишке киргизилген.
"Санарип Тамга" “Смарт Бажы” платформасынын негизги куралдарынын бирине айланды жана “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштейт. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары өздөрүнүн жеке кабинети аркылуу товарлар, транспорт каражаттары жана каттамдар жөнүндө маалыматты алдын ала бере алышат, ошондой эле зарыл болгон документтерди тиркей алышат. Система бажы органдары менен башка мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашууну бириктирет, уруксаттарды бекитүүнү жөнөкөйлөтөт жана чек арадан өтүү процессин тездетет. Мунун жардамы менен тариздөө бизнес жана жарандар үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу болуп кылды.
“Каттоо” модулу ички эсепке алууну автоматташтырууга жана чек арадан өтүүдө маалыматтарды иштеп чыгууга жооп берет. Анын негизги функциясы - товарлардын жана транспорт каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде аныктоо. Система "бир аялдама" ыкмасын ишке ашырды. Мында маалыматтарды кайра киргизбестен, көзөмөлдөө жана аналитикалык аракеттер бир эле учурда аткарылат. Бул кызматкерлердин жумуш жүгүн азайтып, транспорт каражаттарынын кыймылын так көзөмөлдөөнү камсыз кылды.
"Транзиттик көзөмөл системасы" санариптик бажы кызматтарын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды. Анын жардамы менен транзиттик декларацияларды тариздөө тездейт жана ыңгайлуу кылат — тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары маалыматтарды ашыкча процедураларсыз жеке кабинети аркылуу бере алат. Система товарлардын кыймылын так көзөмөлдөөгө, маалыматты иштетүүнү тездетүүгө жана транзиттик маршрут боюнча бажы көзөмөлүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга жардам берет. Бул модулдар азыр бардык бажы бөлүмдөрүндө иштеп жатат. Аларды ишке ашыруу тариздөөнүн негизги этаптарында тезирээк жана кол менен аткарылуучу операциялар азыраак аткарылган бирдиктүү санариптик чөйрөнү түздү. Система маалыматтарды так эсепке алууну камсыздайт, ар кандай процесстин катышуучуларынын ортосундагы макулдашууларды жогорулатат жана бажы органдарынын, бизнестин жана мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну жеңилдетет.

Интеллектуалдык өткөрүү пункттары жана электрондук кызматтар
Санариптик реформанын алкагында заманбап технологиялык чечимдер ишке ашырылууда. “Достук” өткөрүү пунктунда "Интеллектуалдык өткөрүү пункту" долбоору ишке киргизилди, анда номердик белгилерди таануу камералары, рентген- сканерлери, таразага тартуу системалары жана электрондук тосмолор бирдиктүү автоматташтырылган системага бириктирилген.
Ал “Смарт Бажы” платформасы менен интеграцияланган жана жол кыймылын реалдуу убакыт режиминде башкарууга мүмкүндүк берет.
“Кызыл-Кыя” өткөрүү пунктунда "Электрондук кезек" системасы киргизилип, тышкы соода катышуучуларына чек арадан өтүү убактысын онлайн режиминде алдын ала брондоого мүмкүндүк берет. Бул жаңычылдык тыгынды бир топ азайтып, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатты.

Электрондук төлөмдөр
Эми тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары бажы төлөмдөрүн онлайн режиминде, онлайн банкинг же QR коддор аркылуу төлөй алышат. Бул төлөм процессин жөнөкөй, тез жана коопсуз кылып, банкка баруунун зарылдыгын жокко чыгарат.
Электрондук декларациялоо борбору
Жакынкы аралыкта Мамлекеттик бажы кызматы бажы маалыматтарын иштеп чыгууда жана көзөмөлдөөдө негизги элемент болуп кала турган Электрондук декларациялоо борборун ишке ашырууну пландаштырууда.
Бул аралыктан эле декларация толтурууга, иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана бажы органдары менен электрондук өз ара аракеттенүүгө толук өтүүгө мүмкүндүк берет.
Санариптик чечимдерге өтүү Кыргызстандын бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат, бизнестин жана жарандардын ишенимин бекемдейт, ошондой эле өлкөнү ишенимдүү соода өнөктөш катары эл аралык имиджин калыптандырат.