Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Санариптештирүүнү ишке ашыруу менен бирге, Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандагы ЕАЭБ бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын активдүү модернизациялап, ошондой эле мамлекеттик чек аранын айрым бөлүктөрүндө жаңы өткөрүү пункттарын ачууда.
Мамлекеттик бажы кызматы Кытай Кыргызстан үчүн стратегиялык соода өнөктөшү жана кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын иштеши маанилүү экенин белгиледи.

Долбоордук документтерге ылайык, “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарынын долбоордук кубаттуулугу күнүнө 160 унааны түзөт, ал эми иш жүзүндөгү күнүмдүк өткөрүү жөндөмдүүлүгү учурда бир багытта күнүнө 500дөн ашат.
Бул үзгүлтүксүз санариптештирүүнүн, бизнес-процесстерди оптималдаштыруунун жана өткөрүү пункттарындагы башка мамлекеттик көзөмөл органдары менен натыйжалуу координациялоо иштеринин жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжасы.

Пункттардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер уланууда. Ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу иштери башталды:
- өткөрүү пунктунун аймагын кеңейтүү;
- унаалардын кыймыл тилкелеринин санын бир нече эсеге көбөйтүү;
- көзөмөл органдар үчүн кошумча имараттарды жана курулмаларды куруу;
- заманбап башкаруу системаларын ишке ашыруу, бул багыттагы негизги кадамдардын бири саатына 120 унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ жогорку технологиялык текшерүү системаларын киргизүү болуп саналат. Жабдууларды ушул жылдын аягына чейин орнотуу пландалууда.

Азыркы этапта долбоорлоо иштери аяктагандан кийин, Бажы кызматы курулуш-монтаждоо иштерин ишке ашырууга киришти.
Бул чаралардын натыйжасында “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарынын долбоордук мүмкүнчүлүгүн күнүнө 1000 унаага чейин көбөйтүү пландалууда, бул соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
2024-жылы Кытай менен Кыргызстандын мамлекет башчыларынын ортосундагы келишимдин алкагында жаңы “Бедел” өткөрүү пункту ачылды, бул өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланыштарын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Бул жылы жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун куруу боюнча долбоорлоо иштери аяктады, аны 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Учурда бул долбоорду ишке ашыруу Кытайдын грантынын эсебинен каржыланышы пландалууда.
Эки тараптуу мамилелерди арттыруу жана чек арадагы өз ара аракеттенүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн 2025-жылдын башында 2021-жылдан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттарын кайра ачуу боюнча чаралар көрүлдү.

Соода мамилелеринин тездик менен өнүгүп жаткан учурдагы тенденцияны эске алуу менен Бажы кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде жайгашкан өткөрүү пункттарындагы бажы инфраструктурасын жакшыртуу, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү жана чек арадан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттерди көрүп жатат.