Бажы кызматы: 9 айда бюджетке 102 млрд сомдон ашык киреше түшкөн

Экономика Загрузка... 08 Октябрь 2025 18:18
557564649_125521168.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик бажы кызматында төрага Алмаз Салиевдин жетекчилиги астында бажы органдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген ыкчам кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда 2025-жылдын III кварталында бюджетке 38,1 миллиард сом түштүүп, бул пландан 1,5 млрд сомго көп экени белгиленди.

2025-жылдын 9 айында бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүлөрү 102,1 млрд сомду түздү, бул пландалган көрсөткүчтөн 2,4 млрд сомго (же 102,4%) жогору.

Кеңешмеде ошондой эле IV кварталга болжолдонгон көрсөткүчтөр жана бул көрсөткүчтөрдү аткарууда мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу чаралары да талкууланды.

Укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча III кварталда 2423 мыйзам бузуу жана кылмыш фактылары аныкталган, анын ичинен 2266 укук бузуулар жөнүндө иш козголгон, 157 иш компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Бюджетке кошумча түшкөн каражаттар 304,1 млн сомду түздү. 9 айдын жыйынтыгы боюнча бажы мыйзамдарына байланыштуу 6420 мыйзам бузуу жана кылмыш фактылары аныкталып, натыйжада бюджетке кошумча 796,1 млн сом түшкөн.