Бажы кызматы 12 млн сомдон ашык мыйзам бузууларды аныктады

Экономика Загрузка... 07 Октябрь 2025 10:48
1.jpg
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 12 млн сомдон ашык бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады.

Ведомтвонун маалыматына караганда, Бажылык текшерүү башкармалыгынын кызматкерлери жеринде текшерүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныкташты.

Атап айтканда, "Э.-П." ЖЧК тарабынан товар-полиэтилен туура эмес классификациялангандыгы белгиленген, натыйжада эсептелген туумдарды кошкондо жалпы 12 млн сомдон ашык бажы төлөмдөрү кем төлөнгөн.