Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйынында негизги маселелер катары төмөнкүлөр белгиленди.
- Буга чейинки отурумдун чечимдерин аткаруунун жүрүшү;
- Бажыдан кийинки контролдоодо өз ара аракеттенүү жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу (2012);
- гибриддик унааларды идентификациялоо боюнча тажрыйба алмашуу;
- электромобилдерди заряддоочу түзүлүштөргө карата бажы операцияларын жүргүзүү.
Ошондой эле катышуучулар санариптик технологияларды өнүктүрүүгө, бажы жол-жоболорун өркүндөтүүгө жана укук колдонуу практикасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев өз сөзүндө актуалдуу чакырыктарга жана биргелешип чара көрүү зарылдыгына көңүл бурду.
"Биз модернизациялоо, санариптештирүү жана ачыктыкты күчөтүү зарылдыгына туш болуп жатабыз. Тыгыз байланышта гана туруктуу жана коопсуз тышкы экономикалык чөйрөнү курууга болот. Бүгүнкү отурум биздин жалпы бажы тутумубузду чыңдоого багытталган жалпы мамилелерди жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга карай маанилүү кадам болот деп ишенем", - деди Салиев.
Жыйында иш-аракеттерди координациялоону андан ары чыңдоого, санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө жана КМШ мейкиндигинде бажы өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган макулдашылган чечимдер кабыл алынуусу күтүлүүдө.