Базар-Коргондун бюджети былтыр 350,5 млн сомду түздү

Аймак
Базар-Коргондун бюджети былтыр 350,5 млн сомду түздү
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Базар-Коргон районунун бюджети 350,5 млн сомго жеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун эли менен жолугушканда билдирди.

Өлкө башчысы райондун бюджетинин кыйла өскөнүн айтып, өздүк бюджеттик каражаттардын көбөйүшү менен катар аймак социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн республикалык бюджеттен да олуттуу каржылык колдоо алып жатканын баса белгиледи.

“Базар-Коргон районунун 2021-жылы бюджетинин көлөмү 189,6 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 350,5 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйгөн”, - деди президент.