Базар-Коргондо дыйкан-фермерлерге айыл чарбасы боюнча кеп-кеңештер берилди

Аймак 1207 24 Январь 2026 16:00
618588054_122200825058341273_6975675479252052214_n.jpg
618449752_122200825124341273_1249675524368522816_n.jpg
619994783_122200825148341273_6683819447590460988_n.jpg
621797302_122200825166341273_3421492512137576774_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Базар-Коргон районунда “АгроЗооВет–2026” окуу кербенинин алкагында окутуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чара дыйкан-фермерлердин жана айыл чарба тармагындагы адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу, ошондой эле тармактагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат берүү максатын көздөйт.

Семинардын жүрүшүндө адистер тарабынан мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ветеринария тармагын жакшыртуу, тоют базасын чыңдоо, мамлекеттик колдоо механизмдери жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеп-кеңештер айтылды.