Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Базар-Коргондо айыл чарба багытындагы жерлер үй курууга берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын, Акман айыл аймагынын, айылдык кеңештин, ошондой эле жергиликтүү архитектура жана мамлекеттик каттоо органдарынын жооптуу кызмат адамдары Айгыр-Жал участогундагы трансформациядан өтпөгөн, айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерин башкы планга мыйзамсыз киргизишкендиги аныкталды.
Натыйжада 2019–2022-жылдар аралыгында баасы 67,9 млн сомго бааланган жалпы аянты 7,18 га сугат айдоо жерлери 117 жаранга мыйзамсыз түрдө турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.