Базар-Коргондо 9,2 га жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Аймак 26 Февраль 2026 11:24
3112559.0f902a6c60ef40e7bc31e90d049c3beb.jpg
641269025_1237692605216456_5240974372293206219_n.jpg
Алдыга
Артка
3112559.0f902a6c60ef40e7bc31e90d049c3beb.jpg
641269025_1237692605216456_5240974372293206219_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Базар-Коргон районунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында 2006-жылы 1-Май айылында жалпы аянты 9,2 гектар айыл чарба багытындагы жер мыйзам бузуу менен жеке тараптардын менчигине берилип кеткени аныкталган.

"Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 7 млн 763 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.