Базар-Коргондо 62 миң тоок багууга ылайыкташкан фабрика ачылды

Аймак 29 август 2025 12:15
bb35536002c32c211b7c5cd33202681c.jpg
photo_5300991492086690387_x.jpg
Алдыга
Артка
bb35536002c32c211b7c5cd33202681c.jpg
photo_5300991492086690387_x.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 29-августта Базар-Коргон районундагы “Алтын-Куш Агро” ишканасы жалпы аянты 1 гектар болгон заманбап тоок фабрикасы ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы сметалык баасы 185 млн сом болгон бул инвестициялык долбоор фабриканын кубаттуулугу 62 миң тоокту багууга эсептелген.

Фабрика үч этап менен ишке берилет.

Мындан тышкары, 2026-жылдын май айынан баштап атайын байытылган тоок жумурткасын жана эт багытындагы тооктор үчүн тоют даярдоочу комбикорм цехи иштей баштайт. Фабриканын негизги продукциясы жумуртка болуп саналат. Жалпысынан 25 адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болуп, алардын айлык маянасы орточо 20 миңден 50 миң сомго чейин болот. Өндүрүлгөн продукция Жалал-Абад жана Ош облустарынын базарларында жана дүкөндөрүндө сатыкка чыгат.

Белгилей кетсек, бул долбоор аймактагы жумуш орундарын түзүү менен катар, ички рынокту сапаттуу жергиликтүү продукция менен камсыздоого чоң салым кошот.