Базар-Коргондо 43 млн сомго айыл өкмөттүн жаңы имараты курулду

Аймак 11 февраль 2026 18:53
1.jpg
628199627_2010330206500900_1229183827056944770_n.jpg
628882014_2010324009834853_4135166020101026315_n.jpg
631203329_2010328599834394_1634086344975921125_n.jpg
631254910_2010324719834782_3406954046454417719_n (1).jpg
631254910_2010324719834782_3406954046454417719_n.jpg
632506045_2010328593167728_1487382793360591352_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүн Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагына жаңы административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттен каржыланып, ага 43 млн 288 миң сом каражат жумшалган. Жалпы аянты 700 чарчы метрди түзгөн имарат заманбап талаптарга ылайык салынып, бардык керетүү жабдыктар менен камсыздалган.

Иш-чарага катышкан президенттин өкүлү Тилек Текебаев жаңы заманбап имарат кызматкерлердин натыйжалуу иш алып баруусуна шарт түзүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи.

Ошондой эле имарат айылдын гана эмес, жалпы райондун ар тараптуу өнүгүүсүнө түрткү берерин кошумчалады.