Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Базар-Коргон районунда 302 гектардан 1 177 тонна пахта жыйналды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, райондун аймагында жалпы 325 гектар жерге пахта айдалган.
Учурда Ноокен районунан келген эки пахта терүүчү машина бир күндө болжол менен 5 гектарга чейин пахта терип жатышат. Бул иштер айыл тургундарынын жана фермерлердин колдоосу менен жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө пахтанын базардагы орточо баасы 11 сомду түзөт. Пахта заводуна жеткирүү баасы дагы 11 сом деп макулдашылган, бул фермерлер үчүн жагымдуу киреше булагы болуп жатат.
Терилип жаткан пахта — К-67 сорту, ал Кытайдан алып келинген сапаттуу үрөндөн өстүрүлгөн. Бул сорт жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаттуу жип өндүрүүчү касиети менен айырмаланат.
Айыл чарба министрлиги пахта терүү иштерин колдоп, фермерлерге техникалык жардам көрсөтүүдө. Бул колдоо пахта өндүрүшүн жогорулатууга жана айыл чарба тармагындагы туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзөт.