Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгына караган Беш-Бадам каналына бетон полотно төшөө иштери башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган каналдын жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт. Анын ичинен 700 метрине өткөн жылы бетон төшөлгөн. Калган бөлүгүн быйыл бүтүрүү пландалган.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө курулуш иштерине керектүү атайын техникалар тартылып, бардык иштер белгиленген планга ылайык жана тыкыр көзөмөл алдында жүргүзүлүүдө.
Иштер толук аяктагандан кийин суу жоготуу азайып, сугат суу үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жеткирилет. Бул өз кезегинде Беш-Бадам айыл аймагындагы 220 гектар айыл чарба жерин туруктуу сугат суу менен камсыз кылууга шарт түзөт.