Базар-Коргондо 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 17 Ноябрь 2025 15:44
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Бүгүн Базар-Коргон районунда жаңы 150 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов катышып, мектеп окуучуларын жана район тургундарын билим уясынын ачылышы менен куттуктады.

Мектептин курулушу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен Дүйнөлүк банктын каржылоосу аркылуу ERIK долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Наркы 101 млн сомдон ашкан бул кең жана жарык имаратта окуучулар үчүн ыңгайлуу класстар, коопсуздук талаптарына жооп берген инфраструктура жана бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталып, бир жылдын ичинде толугу менен бүткөрүлдү. Бул — көп тараптуу кызматташуунун, үзгүлтүксүз аракеттин жана эмгектин жемиши болуп саналат.

Жаңы мектеп аймактагы билим берүү сапатын жакшыртууга жана окуучулар үчүн коопсуз, шарттары жакшыртылган билим берүү чөйрөсүн камсыздоого багытталат.