Жер титирөөгө туруштук берип, электр энергиясын үнөмдөйт. Базар-Коргондо заманбап мектеп ачылды

Аймак Загрузка... 18 Ноябрь 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарындагы №65 Б.Абдрашев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин эски имараты 1978-жылы пахта сактоочу кампа катары курулган. 1996-жылы мектеп толук эмес орто мектепке, ал эми 2006-жылы толук орто мектепке айланган.

Жаңы курулган мектеп жер титирөөгө туруштук берет, электр энергиясын үнөмдөйт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Мектептен тышкары, имараттын короосу дагы көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлду жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулду.

Жаңы имарат 150 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Имаратта 10 окуу кабинети, 8 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайын жабдылган физика жана химия кабинети бар. Ашкана балдар үчүн тамак даярдоого керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Ички дааратканалардын жана душ кабиналарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулду.

Мектепте желдетүү системасы менен катар резервдик электр генератору да бар, бул электр жарыгы өчкөн учурда окуу процессин үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет. Имараттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандус жана лифт орнотулду.

ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 14 мектеп жаңыланат, алардын ичинен бүгүнкү күндө 3 мектеп пайдаланууга берилди, 2 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми дагы 2 мектеп тендер этабында.

Маалымат үчүн:Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоордун максаты –өкмөткө жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин башкаруу чөйрөсүндөгү потенциалын жогорулатууда колдоо көрсөтүү болуп саналат.

ERIK долбоору мектептердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу, энергоэффективдүү технологияларды өздөштүрүү, суу менен камсыз кылуу жана санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу максатын көздөйт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан ERIK долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен өлкөдө 40 мектеп курулуп жана реконструкцияланууда.

Учурда ERIK долбоорунун алкагында өлкө боюнча 10 мектептин курулушу уланууда. 2025-жылдын август айынан бери № 65 Б.Абдрашев атындагы мектебинен тышкары дагы 5 жаңы мектеп пайдаланууга берилген. Дагы 4 объект боюнча тендердик процедуралар жүргүзүлүүдө. 7 мектеп боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо аяктап калды.