Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Базар-Коргон – Бешик-Жон жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол куруу иштери "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Белгиленгендей, айыл аралык каттамдарды жакшыртууга, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жол курулуш иштери бардык нормаларга ылайык аткарылды.