Баткенге жаңы шаар курулат

Аймак Загрузка... 21 Апрель 2025 17:10
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Баткен облусунда "Баткен Сити" жаңы шаары курулат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев УТРК Баткен телеканалына берген маегинде билдиргенин, өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаар Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын күн чыгыш тарабындагы 800 гектар аянтка, 100 миң адамга ылайыкташат.

Жаңы шаардын долбоору менен төмөнкү видеодон кеңири маалымат алсаныз болот.