Баткендин Жаңы Достук айылында 181 үй курулууда

Аймак Загрузка... 19 Сентябрь 2025 15:32
WhatsApp Image 2025-09-19 at 11.44.45.jpeg

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Баткен облусунда Жаңы Достук айылы курулууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында облустун айрым аймактарынан тургундарды көчүрүү үчүн жаңы турак жай комплекстеринин курулушу башталган.

Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагында жайгашкан Жаңы Достук айылында 181 турак үйдүн курулуш иштери жүрүүдө. Ал эми Лейлек районунун Раззаков жана Максат айылдарында 76 үй курулуп жатат. Жалпы Баткен жана Лейлек райондору боюнча 257 үй курулууда. Ага удаа эле учурда социалдык объекттер да салынууда.