Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов 2025-2026-окуу жылындагы республикалык олимпиаданын IV этабында байгелүү орундарды багындырган окуучулар жана алардын мугалимдери менен жолугушту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы жеңүүчүлөрдү куттуктап, окуучулардын бул ийгилиги өлкөнүн жаркын келечегинин кепилдиги экенин баса белгиледи.
Ал татыктуу билим берип, жаш таланттарды таптаган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, окуучулар менен педагогдорго акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан тышкары, мугалимдерге Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан эс алуу жолдомолору берилди.
Быйылкы республикалык олимпиаданын сыймыктары:
- Асема Аскарбек кызы (Баткен обл. жатак мектеби) – Орус тили жана адабияты, III орун;
- Дастанбек Өктөмов (Лейлек р-ну, №3 мектеп) – География, III орун;
- Адылбек Саттаров (Лейлек р-ну, «ЭЙМ СКУЛЗ РАЗЗАКОВ») – Биология, IV орун;
- Мухаммед Чоёнбаев (Лейлек р-ну, «ЭЙМ СКУЛЗ РАЗЗАКОВ») – Англис тили, IV орун;
- Мээримкан Сулайманова (Лейлек р-ну, №3 мектеп-гимназиясы) – Тарых, IV орун.
Баткен облустук администрациясы билим берүү тармагын колдоону мындан ары да улантарын белгиледи.