Баткендин чек арадагы тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүү пландалууда

Аймак 06 Октябрь 2025 18:38
556478334_1343953493764769_471541295374417572_n.jpg
556587454_1343953673764751_906467751768658224_n.jpg
557199774_1343953547098097_2136287687729010076_n.jpg
557763086_1343953657098086_8132825983806242685_n.jpg
558008506_1343953680431417_3515513092320244711_n.jpg
558061613_1343953627098089_5515032812783533326_n.jpg
558296332_1343953533764765_9099652648058113619_n.jpg
558349340_1343953573764761_4434805677239639019_n.jpg
558665300_1343953583764760_3806878839382465566_n.jpg
Алдыга
Артка
556478334_1343953493764769_471541295374417572_n.jpg
556587454_1343953673764751_906467751768658224_n.jpg
557199774_1343953547098097_2136287687729010076_n.jpg
557763086_1343953657098086_8132825983806242685_n.jpg
558008506_1343953680431417_3515513092320244711_n.jpg
558061613_1343953627098089_5515032812783533326_n.jpg
558296332_1343953533764765_9099652648058113619_n.jpg
558349340_1343953573764761_4434805677239639019_n.jpg
558665300_1343953583764760_3806878839382465566_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Баткенде чек ара айылдарынын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн Баткен жана Лейлек райондорунун жетекчилиги жана облустук тийиштүү жетекчилердин катышуусунда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында алмашылган айылдардын тургундарын көчүрүү маселеси боюнча кеңешме өттү.

Анда президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жергиликтүү бийлик органдарына төмөндөгүдөй бир катар тапшырмаларды койду;

- эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-элдердин түшүм жыйноо өнөктүгүн жыйынтыктоо;
-жаңы айылдарда курулган үйлөрдү чүчү кулак аркылуу бөлүштүрүү;
-20-октябрга чейин Баткен районундагы Жаңы-Достук жана Лейлек районунун Раззаков, Максат айылдарындагы турак үйлөрдүн курулушун бүткөрүү, жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
25-октябрга чейин ар бир турак үйдүн мамлекеттик актысын бүткөрүү.

Кеңешмеде чек ара айылдарынын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүү иш-чараларын уюштуруу маселеси каралып, ар бир жетекчиге тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан бекитилип берилген кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо тартибине ылайык, 2025-жылдын 25-августунан 9-сентябрына чейин эки тараптуу комиссия, алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү инвентаризациялоо иштерин аягына чыгарды.

Натыйжада Баткен облусунан 259 турак үй, Тажикстанстандын Согди облусунан 214 турак үйгө акт түзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата Баткен районунун Көк-Терек айылы менен Тажикстандын Исфара районунун Самонен, Дахма айылдары алмашылды.

Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн жаңы турак жай комплексинин курулушу башталган.

Жаңы турак жай аймагына Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.

Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери жүрүүдө. Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.