Баткендин Бужум айылында эки бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 16 октябрь 2026 15:25
853582576_1650363856457063_479523450328069717_n.jpg
853563619_1863006218020188_359680682091142907_n.jpg
850211210_1650363596457089_2339689034852677082_n.jpg
851837542_1650363539790428_5737786827821279635_n.jpg
853006520_1650363469790435_7298318565923851007_n.jpg
Алдыга
Артка
853582576_1650363856457063_479523450328069717_n.jpg
853563619_1863006218020188_359680682091142907_n.jpg
850211210_1650363596457089_2339689034852677082_n.jpg
851837542_1650363539790428_5737786827821279635_n.jpg
853006520_1650363469790435_7298318565923851007_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылында "Келечек Үмүтү" жана "Ак-Жолтой" бала бакчаларынын кошумча корпусу пайдаланууга берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган объектилердин ачылышы айылдагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тарбиялануучулардын санын көбөйтүүгө багытталган.

Бала бакчалардын ачылыш аземдерине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева баштаган жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы объектилердин ачылышы менен айыл тургундарын куттуктап, балдардын сапаттуу билим жана тарбия алуусуна түзүлгөн шарттар келечек муундун өнүгүүсү үчүн маанилүү экени белгиленди.

Бужун айылынын Ынтымак жерлигинде жайгашкан "Келечек Үмүтү" мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулушу үчүн жалпы 18 млн сом жумшалды.

Бир кабаттуу имаратта төрт окуу бөлмөсү, ички санитардык түйүн, ашкана жана от казан каралган. Долбоор боюнча 24 орунга ылайыкталган балдар бакчасына бүгүнкү күндө 50 бала тартылды.

"Ак-Жолтой" балдар бакчасынын негизги корпусу 100 орунду түзсө, бүгүнкү күндө 150 бала тарбияланып келет.

Долбоордун наркы 11 млн 751 миң 106 сомду түзүп, айыл өкмөтү тарабынан 2 млн сом бөлүнгөн.

Бир кабаттуу жаңы корпуста эки окуу бөлмөсү, ички санитардык түйүн жана усулдук бөлмө каралган. Кошумча корпустун ачылышы менен балдар бакчасына дагы 30 баланы тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эки объекттин тең пайдаланууга берилиши Бужум айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга өбөлгө болот.